Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Кыргыздын адеп-ахлактары мыйзамдан жогору”

Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Кыргыздын адеп-ахлактары мыйзамдан жогору”

Бүгүн, 29-майда, Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору артка чакыртылып, комитетке кайтарылды.

Буга демилгечилердин бири, депутат Мирлан Самыйкожонун сунушу негиз болду. Эл өкүлү мыйзам кабыл алынса, кыргыздын менталитетин жоготуп алуу коркунучу бар экенин айтты.

“Кыргыз деген элбиз да. Эгерде келиниң менен балаң урушуп кетсе, келиниң арыз жазса, балаң 30 күнгө чейин эшикке чыгып туруш керек да. Экинчиден, балдардын каржысына, чөйрөсүнө кийилигишпеш керек деген дагы маселе бар. Эртең биз кыргыз эли балдарды тарбиялай албай калабыз. Балабызга башка чөйрөгө кошулба, бул жакта наркомандар, уурулар бар десек, бизди сотко берсе, ушул мыйзам менен отуруп беребизби? Кыргыз эли илгертен бери нарк-насил, ыйман менен келе жатабыз да. Ушул жерде кабыл алынган мыйзамдардын жарымы иштебейт. Бирок кыргызды жазылбаган мыйзамдар, каада-салты сактап келе жатат. Ооба, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршымын, бирок ошого байлап алып ички мыйзамдарды талкалап албайлы”, — деди депутат Мирлан Самыйкожо.

Анын айткандарын Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев дагы колдоду. Спикердин пикиринде, бул документ экономикалык мүнөздө болсо бир жөн. Үй-бүлөлүк маселеге келгенде кыргыздын мыйзамдан жогору жазылбаган адеп-ахлактары бар. Атасы баласы менен аялы күйөөсү менен соттошуп жатып калбасын.

Буга каршы пикирин билдирген Дастан Бекешев аялын сабабаса эч кандай маселе жаралбайт деп, сунуш дароо добуш берүүгө коюлганын сынга алды.

Белгилей кетсек, 30 дан ашуун депутат демилгелеген мыйзам долбооруна ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарды коргоо үчүн чаралар, жазалар катаалдаштырылууда. Алсак, коргоо ордеринин мөөнөтү 30 күнгө чейин узартылып, зомбулук көрсөткөн адам үйүнөн чыгып кетүүгө милдеттүү, үй-бүлөлүк чыр чатакка байланыштуу тосмо арыз деген түшүнүк жоюлат. Ушул сыяктуу бир топ өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Маалымат булагы: https://www.youtube.com/watch?v=xgFpblWvdKg
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!