Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат

Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат. Күн тартибине ылайык, жаңы эки депутат ант берди, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматованы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселеси каралып, колдоого алынды.

Мындан тышкары, өкмөт башчынын вице-премьерлик кызматка Элвира Сурабалдиеваны, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованы дайындоо тууралуу сунушу каралууда. Эки талапкер буга чейин парламенттин конституциялык комитетинен жактырылган.

Жогорку Кеңештин жалпы отурумунун ушул эле күнкү күн тартибине ылайык түштөн кийинки отурумда премьер-министр Садыр Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү ант берери айтылды.

 

 

 

Маалымат булагы: https://www.azattyk.org/a/30916628.html
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!