Масалиев депутаттык мандатын тапшыра турганын жарыялады

Парламенттин 21-майдагы жыйынында «Өнүгүү-Прогрес» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев мандатын тапшыра турганын жарыялады. Ал өз чечимин коомчулукта өкмөттүн, парламенттин, спикердин ишин сындагандар көп экени менен түшүндүрдү. Жогорку Кеңеш, өкмөт баардык депутаттарга текши мамиле жасабай жатканын айтты.

«Өкмөттүн тоготпогон мамилесин сезип атам. Мен төрт жолу депутат болуп шайландым. Бирок он беш жыл ичинде минтип мыйзамды четке кагып койгон учурду көрө элек элем. Жогорку Кеңешке айтылган мынчалык сын-пикирди уга элекмин. Бул чоң жетишпестик».

Масалиев спикерди өкмөттү жактоону токтотууга чакырды.

«Жогорку Кеңештин төрагасы сын-пикирлерди чычалабай, туура кабыл алышы керек. Сиз кээ бир учурда депутаттарды кагып-силкип, өкмөткө адвокат болуп алдыңыз. Бул сиздин ишти билбегениңиз, кемчилигиңиз».

Масалиев мандатын 25-майда токтоторун билдирди. Жыйында спикер Дастанбек Жумабеков Исхак Масалиевдин туулган күнү экенин айтып, аны куттуктады.

«Баарыбыз эл тарабынан шайланып келген депутаттар, эл өкүлдөрүбүз. Алтынчы чакырылыштын ишине эл өзү баа берет. Тарых көрсөтөт»,-деген спикер Масалиевге ийгиликтерди каалады.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 19-майдагы жыйынында Масалиев баштаган топ иштеп чыккан шайлоо босогосун тогуз пайыздан беш пайызга ылдыйлатуу тууралуу мыйзам долбоорун четке каккан.

Маалымат булагы: https://www.azattyk.org/a/30625060.html
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!