Кыргызстандын аймактары боюнча короновирус жуктуруп алгандардын (ЖА) жана айыгып кеткендердин (АК) динамикасы

Кыргызстандын аймактары боюнча короновирус жуктуруп алгандардын (ЖА) жана айыгып кеткендердин (АК) динамикасы

Бир суткада айыккандардын 15и Бишкекте, сегизи Ош шаарынан. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 895ке жетип, анын 637си айыкты.

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 23 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жалпысынан 637 бейтап сакайып чыккан.

«Бир суткада айыккандардын 15и Бишкекте, сегизи Ош шаарында. Мындан тышкары, акыркы суткада үч медицина кызматкеринен коронавирус табылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 224 учур катталды, алардын ичинен 161 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан», — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 895ке жетип, 637си айыкты. Коронавирус жуктуруп алган 12 адам каза болду.
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!