Кыргызстандын аймактары боюнча короновирус жуктуруп алгандардын (ЖА) жана айыгып кеткендердин (АК) динамикасы

Кыргызстандын аймактары боюнча короновирус жуктуруп алгандардын (ЖА) жана айыгып кеткендердин (АК) динамикасы

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 28 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 6-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Үсөнбаевдин айтымында, 6-майга караган түнү Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасында коронавирус жуккан 67 жаштагы бир аял кайтыш болду. Анын көптөгөн өнөкөт оорулары болгон.

Соңку бир суткада 14 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 6-майга карата Кыргызстанда коронавирус 871 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 614 бейтап сакайды.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин чечими менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал, ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылган.

Адистер өлкөдө коронавирус жуккандардын саны эң көп каттала турган мөөнөт 20-24-апрель болот деп болжолдогон.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!