Кыргызстандын аймактары боюнча короновирус жуктуруп алгандардын (ЖА) жана айыгып кеткендердин (АК) динамикасы

Кыргызстандын аймактары боюнча короновирус жуктуруп алгандардын (ЖА) жана айыгып кеткендердин (АК) динамикасы

1-майга карата Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 10 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Алардын бешөө Бишкек шаарында, үчөө Ош облусунда. Баткен жана Нарын облустарында бирден адам.

Бир сутка ичинде 42 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысын бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда бул илдет 756 адамга жукту, алардын сегизи кайтыш болду, 504 бейтап сакайып кетти.

756 адамдын 198и медицина кызматкери, алардын 114ү айыкты.

Коронавируска байланыштуу 30-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Нарын шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө абал киргизилген.

28-апрелде Коопсуздук кеңешинин чечими менен өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин, ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылды.

Кыргызстандык адистер өлкөдө коронавирус жуккандардын саны эң көп каттала турган мөөнөт 20-24-апрель болот деп болжолдогон.

https://www.azattyk.org/a/30586768.html

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!