Кыргызстандын аймактары боюнча короновирус жуктуруп алгандардын (ЖА) жана айыгып кеткендердин (АК) динамикасы

Кыргызстанда 28-апрелге карата соңку сутка ичинде коронавирус дагы 13 адамдан табылды, 21 бейтап айыгып чыкты.

Оору табылган 13 адамдын үчөө Бишкек шаарында, алтоо Чүй облусунда, экөө Нарын облусунда жана экөө Жалал-Абад облусунда жашагандар.

Ошентип, 28-апрелге карата коронавирус жуккандардын жалпы саны 708 болду, алардан 8 киши каза тапты. 416 бейтап айыгып чыкты.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулган.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөт 20-24-апрель болот деп болжолдогон.

https://www.azattyk.org/a/30580474.html

Маалымат булагы: https://24.kg/obschestvo/151275/
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!