Кыргызстандын аймактары боюнча короновирус жуктуруп алгандардын жана айыгып кеткендердин динамикасы

Кыргызстандын аймактары боюнча короновирус жуктуруп алгандардын жана айыгып кеткендердин динамикасы

Акыркы суткада өлкө аймагында дагы 19 адамга коронавирус жукканы аныкталды.

Бир адам каза болду. Ал Чүй облусунан 56 жаштагы аял киши болгон.

Илдет жаңы жуккан 19 кишинин ичинен Бишкек шаарында – 8, Чүй облусу – 4, Ош шаарында – 4, Ош облусунда 3 киши катталды. 19 адамдын бешөө — медициналык кызматкери, үчөө – догдур.

Акыркы суткада 48 бейтап айыгып чыкты.

Ушуну менен өлкөдө СOVID-19 илдетине 631 адам чалдыкты.

Жалал-Абад облусунда – 109, Ош облусунда – 154, Ош шаарында — 101, Чүй облусунда – 38, Бишкек шаарында – 141, Баткен облусунда – 6, Нарын облусунда – 74, Ысык-Көл облусунда – 8 киши. Алардын 162си медкызматкерлер.

Обсервацияда жаткандардын саны миңден ашты. 302 адам оорудан айыкты. Беш адамдын абалы оор. Сегиз адам каза болду.

COVID-19 вирусун жуктурган алгачкы үч киши Кыргызстанда 18-мартта катталган.

https://www.azattyk.org/a/30571499.html

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!