Депутаттардын жоругу жана жоопкерчилиги

Депутаттардын жоругу жана жоопкерчилиги

Парламенттин депутаттары өлкөдөгү өзгөчө абалдын шартында себепсиз иштен калышты.

Баш мыйзамга ылайык, президент менен бирдей мамлекеттик бийликтин жоопкерчилигин алган Жогорку Кеңеш өзгөчө абалда иштебей, карантинде отурат.

Парламенттин басма сөз кызматы Жогорку Кеңеш зарылдыкка жараша чогула турганын билдирди. Ошол эле кезде айрым депутаттар ат минип жүргөнүн же үйүндө эс алып жаткан учурун сүрөткө тартып, Интернетте эстафета ойногону коомчулуктун сынына кабылды.

Парламент демилгени тарттырып жиберди

Баш мыйзамдын 3-беренесинде элдик бийликтин үстөмдүгүн бүткүл эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш менен президент камсыздай турганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле анын 70-беренесинде парламент мыйзам чыгаруучу жана көзөмөлдөөчү милдеттерин ишке ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган экени таамай жазылган.

Экс-депутат Бактыбек Калмаматов азыр парламенттин туруктуу иштебей жатканын жоопкерсиздик жана депутаттардын демилгени тарттырып жибергени деп баа берди:

«Өлкөдө өзгөчө кырдаал жаралып турган учурда парламенттин “зарыл болгондо гана чогулабыз” деп өз милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле жасаганы өтө туура эмес. Мунун өзү соңку мезгилде Жогорку Кеңеш өзүнүн кадыр-баркын жоготуп, демилгени алдырып, президент менен өкмөттөн келген тапшырмалардын мыйзамдуулугун тастыктап бере турган нотариуска айланып калганын дагы бир жолу далилдеп турат. Анан дагы ушундай жогорку өкүлчүлүктүү орган болуп туруп, депутаттардын ишке келбей жатканы аз келгенсип, үйлөрүндө жатып алып, зериккенден атка минип түшкөн сүрөттөрүн Интернетке жарыялап, эстафета кылып бири-бирине узатып ойноп жатышканы алардын жоопкерчиликсиз экенин көргөзүп турат».

Эки ача жооптор

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев регламент боюнча депутаттарга ар бир үчүнчү айдын акыркы жумасында шайлоочулар менен жолугушууга убакыт каралганын айтууда. Анын айтымында, азыр парламенттин туруктуу иштебегени карантин учурунда катардагы кызматкерлердин коопсуздугуна байланыштуу:

«Башында парламент кезексиз жыйынга чогулуп, өзгөчө абалды карап, кабыл алып берди. Андан кийинки жумада кандай зарыл мыйзамдар керек болсо, ошолордун бардыгын карады. Жогорку Кеңеш иштебей жаткан жок. Тиешелүү комитеттер иштеп, материалдарды даярдап жатышат. Зарылчылык болгондо ыкчам түрдө чогула алабыз. Биз улам жолугуша бербей, аппаратта иштеген кызматкерлердин коопсуздугун ойлошубуз керек. Ошого шарт түзүп, карантиндин эрежелерине баш ийишибиз зарыл».

Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу болсо учурда аппарат менен иш башкармалыгы иштеп жатканын айтып, депутаттар зарылдыкка жараша чогуларын билдирди:

«Депутаттар чоң жыйындарга муктаждыгына жараша жыйылат. Андан маселе жок. Он эки саат ичинде Жогорку Кеңеш жыйынга чогулуп, кандайдыр бир зарыл маселелерди карап, чечим кабыл алып берет. Анткени азыркы учурда парламенттин аппараты жана иш башкармалыгы иштеп жатат. Тиешелүү кызматкерлерлердин бардыгы жумуш ордунда».

«Атчандар полку»

«Фейсбук» социалдык тармагында Тазабек Икрамов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев, Мирлан Бакиров жана Бактыбек Раимкулов баштаган депутаттар “Ат адамдын канаты” деген аталыштагы эстафета баштаган. Өз ара бири-бирине көрсөткөн сый-урматтарын белгилеп, алкынган аргымактары менен түшкөн сүрөттөрүн жайгаштырышкан.

Интернет колдонуучулар карапайым калк нанга жетпей жаткан кезде депутаттардын кымбат баалуу аргымактарына минген сүрөттөрүн чыгарганы осол, уят иш экенин жазып чыгышкан.

Бирок депутат Тазабек Икрамов сүрөттөрүн аргымагын даңазалаш үчүн эмес, сунулган эстафетага жооп кайтаруу үчүн жайгаштырганын айтып, аны башкалардын сындоосуна негиз жок экенин белгиледи:

«Көк-Бөрү федерациясы мына ушундай эстафетаны баштаган экен. Анан мен Аманбековдон эстафетаны алып, Төрөбай Зулпукаровго тапшырып бердим. Адамдар тарабынан мына ошондой сураныч болуп жаткандан кийин ага жооп берип, кайра башка бирөөгө өткөзүп коюу – бул адамгерчиликтин эле белгиси. Мен бул жерден жаман нерсени көргөн жокмун. Бул жерден кандайдыр бир трагедия жасап, жумурткадан кыр издештин кереги жок».

Жогорку Кеңештин азыркы алтынчы чакырылышы 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен тандалып келген саясий партиялардын талапкерлеринен турат. Анын беш жылдык мөөнөтү быйыл аяктап, октябрь айында Жогорку Кеңештин кийинки депутаттарын шайлоо күтүлүүдө.

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!