Кумтөргө байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия жыйынга чогулат

Кумтөргө байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия жыйынга чогулат

Кумтөр алтын кенинин ишмердигин текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия бүгүн, 12-апрелде жабык жыйынга чогулуп, болжолдуу жыйынтык чыгарат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комиссиянын төрөгасы, депутат Акылбек Жапаров билдирди.

“Болжолдуу жыйынтык чыгарабыз. Сандар так болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан жабык өткөрүп, тактап алалы деп жатабыз. Расмий жыйынтыкты кийинки аптанын башында жарыялайбыз”, — деди Жапаров.

Комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Айнуру Алтыбаева, Рыскелди Момбеков, Саматбек Ибраев, «Республика – Ата Журттан» Үмбөталы Кыдыралиев, Абдыбек Дүйшалиев, Закир Шарапов, «Кыргызстандан» Урматбек Самаев, Замирбек Эсенаманов, «Өнүгүү Прогресстен» Ныязбек Арзыбаев, «Бир Болдон» Акылбек Жапаров, «Ата Мекенден» Каныбек Иманалиев бар.

 

Маалымат булагы: https://www.azattyk.org/a/31250819.html
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!