Парламент вице-премьерликке Сурабалдиеваны жактырып, министрликке Исмаилованы колдогон жок

Парламент вице-премьерликке Сурабалдиеваны жактырып, министрликке Исмаилованы колдогон жок

Жогорку Кеңештин 28-октябрдагы жалпы жыйынында социалдык маселелер боюнча вице-премьерликке Элвира Сурабалдиеванын талапкерлиги жактырылды. Ал эми Аида Исмаилованы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилигине дайындоо боюнча өкмөттүн сунушу колдоо тапкан жок.

Буга чейин парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитети эки талапкерди тең колдоогон.

Жалпы жыйында депутаттар Сурабалдиеваны бир добуштан жактырып, ага анча көп суроо беришкен жок.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Сурабалдиева мандатын тапшырганы 27-октябрда белгилүү болгон.

Жыйында Аида Исмаилованын дарегине көпчүлүк депутаттар сын айтып, коронавирус эпидемиясы күчөп, адамдар өлүп жаткан кезде вице-премьерлик кызматын убактылуу токтотуп, «Биримдик» партиясы менен парламенттик шайлоого кетип калганын айыпташты.

Исмаилова өкмөт башчынын орун басарлыгына быйыл 1-апрелде дайындалып, бул кызматтан 27-октябрда бошотулган.

Депутаттардын сынына жооп берип жатып Исмаилова дайыма элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп келгенин, коронавирус эпидемиясы башталган кезде депутат болуп турганда бул маселени көп көтөргөнүн айтты.

Социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров ээлеген кызматынан 27-октябрда алынган. Премьер-министрдин аппарат башчысы Бактыбек Аманбаевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда Кочкоров башка ишке дайындалат.

Маалымат булагы: https://www.azattyk.org/a/30916774.html
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!