«Республика—Ата Журт» фракциясынын лидери алмаштыбы?

«Республика—Ата Журт» фракциясынын лидери алмаштыбы?

Жалпыга маалымдоо каражаттарында «Республика—Ата Журт» парламенттик фракциясынын лидери алмашканы тууралуу маалымат тарады. Фракциянын айрым депутаттары бул тууралуу билбей турганын айтышты.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, депутат Мирлан Жээнчороев фракцияга лидер болушу мүмкүн.

Ал эми М.Жээнчороев өзү лидерди алмаштыруу маселеси көтөрүлбөгөнүн айтып: «Регламент боюнча 28 депутаттын баарында аталган кызматка талапкер болуу укугу бар. Өткөндө ротация аркылуу алмашуу болгон. Бүгүн фракциянын отуруму өткөн жок. Күн тартибинде да мындай маселе каралган эмес», — деп билдирди.

Депутат Таабалды Тиллаев фракциянын лидери алмаша турганы тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

Депутат Руслан Казакбаев: «Мунун баарын жалпыга маалымдоо каражаттарынан окудум. Фракциянын отуруму өтө элек жана күн тартибинен да мындай маселе көргөн жокмун. Балким бул маселе башка чөйрөдө талкуулангандыр. Бирок бул тууралуу билбейм», — деди.

Ал эми депутат Кенжебек Бокоев мындай маалыматты укпаганын айтты.

Депутат Курманкул Зулушев да бул маселе боюнча маалыматы жок экенин билдирди.

Учурда «Республика—Ата Журт» фракциясынын лидери  Жыргалбек Турускулов.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!