Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Кумтөр маселесин карамай болду

Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Кумтөр маселесин карамай болду

Жогорку Кеңеш келерки дүйшөмбү, 17-майда кезексиз жыйынга чогулганы жатат. Бул тууралуу 12-майда “Азаттык” радиосуна парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Кезексиз жыйындын күн тартиби азырынча жарыялана элек. Айрым депутаттар «Азаттыкка» билдиришкендей, Кумтөр алтын кени боюнча маселе каралат.

Жыйынга президент Садыр Жапаров катышып, сөз сүйлөрү да айтылууда.

Быйыл 17-февралда Жогорку Кеңеште кендеги ишмердүүлүктү текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн, кийин ага мамлекеттик макам ыйгаруу сунуш кылынган.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

6-майда Жогорку Кеңеште бул ишканага сырттан башкаруу киргизүү каралган мыйзам долбоору кабыл алынган.

8-майда «Центерра Голд» билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор «таптакыр негизсиз» экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин айткан.

Кумтөр — Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт.

 

Маалымат булагы: https://www.azattyk.org/a/31250720.html
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!