19-апрель: Кыргызстанда коронавируска чалдыккан дагы 48 киши аныкталды

19-апрелде Кыргызстанда СOVID-19 илдети дагы 48 кишиден табылды. Жалпы республика боюнча коронавирус аныкталгандардын саны 554 кишиге жетти.

Жаңы катталгандардан Ош облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 9, Бишкек шаарында 9, Ош шаарында 9, Нарын облусунда 11, Чүй облусунда 2, Баткен облусунда 1 киши бар. Булардын ичинде 18 медицина кызматкери бар.

19-апрелде илдети аныкталгандардын ичинен үч бейтап сакайып чыкты. Алардын экөө Бишкек шаарынан, бирөө Нарын облусунан. Республика боюнча жалпысынан 133 киши бул ооруну жеңип чыкты.

 

Маалымат булагы: https://kaktus.media/411145
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!