Кыргызстандын аймактары боюнча короновирус жуктуруп алгандардын (ЖА) жана айыгып кеткендердин (АК) динамикасы

Кыргызстандын аймактары боюнча короновирус жуктуруп алгандардын (ЖА) жана айыгып кеткендердин (АК) динамикасы

Кыргызстанда соңку бир суткада коронавирус дагы 14 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, алардын алтоо Бишкек шаарында, ал эми Чүй, Баткен облустарында бирден, Ош, Нарын жана Ысык-Көл облустарында экиден адам.

Бир суткада 13 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 11-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1016 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандар — 688 адам.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. Айрым мекеме-ишканаларга акырындап уруксат бериле баштады. Жеке автотранспорт менен жүрүүгө уруксат бар, коомдук транспорт чыга элек.

https://www.azattyk.org/a/30605036.html

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!