Кыргызстандын аймактары боюнча короновирус жуктуруп алгандардын (ЖА) жана айыгып кеткендердин (АК) динамикасы

Кыргызстандын аймактары боюнча короновирус жуктуруп алгандардын (ЖА) жана айыгып кеткендердин (АК) динамикасы

Соңку бир суткада Кыргызстанда коронавирус 38 адамдан табылды, алардын 15и Нарын облусунда. Бул тууралуу 14-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Алардын эң көбү Нарын облусунда — 15 адам, Бишкекте 14, Жалал-Абад облусунда төртөө, Чүй облусунда да төртөө (алардын экөө Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайткандар) жана Ош шаарында бирөө.

Бир суткада тогуз бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 14-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1082 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандары — 735 киши.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.

https://www.azattyk.org/a/30611207.html

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!