“Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды

“Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды

Бүгүн,13-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Министрлер кабинети жана депутат Улугбек Ормонов тарабынан демилгеленген “Билим берүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын бириккен долбоору экинчи талкууланды.

Жыйында аталган маселе боюнча билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу баяндама жасады.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору билим берүү жаатындагы коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга жана жогорку окуу жайларын башкарууну оптималдаштырууга багытталган. Ага ылайык, “улуттук” макамы бар мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректорлорун Президент тарабынан, ал эми калган мамлекеттик жогорку окуу жайларды Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дайындоо сунушталууда.

Талкуу маалында Нурбек Сыдыгалиев Кыргызстанда мамлекеттин карамагында канча окуу жай бар экенине кызыгып, ректорлорду дайындоо тартиби эмне үчүн өзгөртүлүп жатканын сурады.

Өз кезегинде Расул Абазбек уулу 33 мамлекеттик окуу жай бар экенин белгилеп: “Анын ичинен төртөө “улуттук” макамына ээ. Ал эми 2012-жылы Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик окуу жайлардын ректорлорун шайлоо аркылуу кызматка коюу тартиби киргизилген. Мындай кадамдын негизги максаты демократиялаштыруу жана жогорку окуу жайларга академиялык эркиндик берүү болгон. Бирок бул эреже өзүн актаган жок, окуу жайлар шайлоо менен гана алек болуп калды”, – деди.

Бул негиздеме туура эмес экенин айткан депутат Бактыбек Сыдыков: “Университеттерде көп жылдан бери иштеп келе жаткан жамаат бар. Ректорлорун өздөрү шайлап алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп бериш керек. Эң адилеттүү ыкма бул – шайлоо” – деген пикирин айтты.

Ал эми депутат Аида Исатбек кызы 33 окуу жайдын ичинен чарбалык эсептин негизинде каржыланган университеттердин ректорлорун шайлоо менен тандоо зарылчылыгына токтолду. Ушундай эле сунушту депутат Нурбек Сыдыгалиев да берүүдө.

Талкуу соңунда мыйзам долбоорун айтылган сунуштарды эске алуу менен жактыруу чечими кабыл алынды.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!