1991-жылдын 16-июнунда Ош облусунун Ноокат шаарында кызматкерлердин үй-бүлѳсүндѳ тѳрѳлгѳн. Жогорку билимдүү.
1997-жылы Ноокат шаарындагы Н.К.Крупская атындагы орто мектепте окуп, 2008-жылы Ош шаарындагы Агахан атындагы мектепти аяктаган.
2013-жылы Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин экономикалык факультетин “Финансы жана кредит” адистигин аяктаган.
2015-жылы Кыргыз Республикасынын ТИМдин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын “Эл аралык мамилелер” факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 2016 жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Башкы эсептөө борборунунда жетектоочу экономист болуп баштаган.
2018-жылы Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунда (АРИС) коомчулук менен байланыш бөлүмүндө пикир алышуу механизминин адиси болуп иштеген.
2021-жылы “Альянс” саясий партиясынан VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.