Алимжанова Нилуфар Якубжановна

1991-жылдын 16-июнунда Ош облусунун Ноокат шаарында кызматкерлердин үй-бүлѳсүндѳ тѳрѳлгѳн. Жогорку билимдүү.

1997-жылы Ноокат шаарындагы Н.К.Крупская атындагы орто мектепте окуп, 2008-жылы Ош шаарындагы Агахан атындагы мектепти аяктаган.

2013-жылы Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин экономикалык  факультетин “Финансы жана кредит” адистигин аяктаган.

2015-жылы  Кыргыз Республикасынын ТИМдин К.Дикамбаев атындагы  Дипломатиялык академиясынын “Эл аралык мамилелер” факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 2016 жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин  Башкы эсептөө борборунунда жетектоочу экономист болуп баштаган.

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунда (АРИС) коомчулук менен байланыш бөлүмүндө пикир алышуу механизминин адиси болуп иштеген.

2021-жылы “Альянс” саясий партиясынан VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.

Алимжанова Нилуфар Якубжановна
Алимжанова Нилуфар Якубжановна
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0