Айдарбеков Чингиз Азаматович

27-октябрь 1977-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн;

Билими жогорку. 1998-жылы Кыргызстан Эл аралык Университетинин “Эл аралык мамилелер” бөлүмүн аяктаган;

2001-жылы Кыргызстан Эл аралык Университетинин “Юриспруденция” бөлүмүндө магистратураны бүтүргөн;

2017-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин аспирантурасын аяктаган;

1998-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, КМШ Башкы дирекциясы, атташе, үчүнчү катчы, экинчи катчы, биринчи катчы;

2005-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги, биринчи катчы; Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү;

2008-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин Көп тараптуу кызматташуу департаментинин башчысы;

2008–2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчисинин кеңешчиси;

01.2011-04.2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн эксперти;

04.2011-12.2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчинин орун басары;

2012–2016-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эл аралык мамилелер жана протокол бөлүмүнүн башчысы;

04.2016-10.2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси;

2018-жылдын 17-октябры – 2020-жылдын 14-октябры — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;

2021-жылдын ноябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

Дипломатиялык ранг: «Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси»;

Класстык даража: Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Айдарбеков Чингиз Азаматович
Айдарбеков Чингиз Азаматович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0