Айжигитов Султанбай Абдрашитович

1958-жылдын 27-майында Ош областынын Жаңы-Ноокат районунун Караван айылында туулган;

1975-жылы Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебин аяктаган;

Билими жогорку. 1983-жылы Рига Кызыл Туу ордендүү жарандык авиациялык инженерлердин Ленин комсомол атындагы институтунун учуучу аппараттарды жана авиакыймылдаткычтарды эксплуатациялоо боюнча инженер-механик квалификациясына ээ болгон;

1988-жылы Киев шаарында СССРдин МККнын (КГБ) жогорку курсун бүтүргөн;

2002-жылы Кыргыз мамлекеттик Улуттук университетинин «Финансы жана кредит» адистигине ээ болгон;

1983-1987-жылдары Манас аэропортуна караштуу Фрунзе биргелешкен авиаотрядынын Авиа техникалык базасында инженер;

1987-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде  оперативдик кызматкер, ага оперативдик кызматкер жана бөлүмдүн башчысы;

1993-1994-жылдары «Кыргызстан аба жолдору» Улуттук авиакомпаниясынын Президентинин жардамчысы, авиациялык коопсуздук болумунун башчысы;

1995-1997-жылдары «Кыргыз Жер» акционердик коммерциялык банкынын төрагасынын кеңешчиси;

1997-1998-жылдары «Кыргызстан аба жолдору» Улуттук авикомпаниясынын Президентинин жардамчысы;

21.03.2000-2.10.2000-жылдары Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатордун кеңешчиси, пресс-катчысы;

2000-2001-жылдары Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын аппаратынын өнөр жай, курулуш жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы;

2001-2004-жылдары «Баткен» авиаишканасынын генералдык директору;

2004-2004-жылдары Баткен облусттук суу чарба башкармалыгынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

2005-2008-жылдары Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор;

2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;

2010-2010-жылдары Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатордун орун басары;

2010-2011-жылдары Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор;

2011-жылдын январь айынан 2011-жылдын ноябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;

2021-жылы «Ыйман Нуру» саясий партиясынын тизмеси менен VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Үй бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Айжигитов Султанбай Абдрашитович
Айжигитов Султанбай Абдрашитович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0