1986-жылдын 13-декабрында Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылында төрөлгөн;
Билими жогорку:
2011-жылы Ош мамлекеттик университетин журналистика адистиги боюнча бүтүргөн;
2008-2014-жылдары “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматында эмгектенген;
2015-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-катчысы;
2015-жылдын ноябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү;
2015-2017-жылдары Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин Төрагасынын орун басары болуп иштеген;
2021-жылдын 4-октябрында «Альянс» саясий партиясынын тизмеси боюнча VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган;
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы;
2011-жылы “Евразиянын алтын калеми” сыйлыгынын ээси;
2014-жылы Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонддун “Курч калем” сыйлыгын алган;
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.