Акаев Жанарбек Кубанычович

1986-жылдын 13-декабрында Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылында төрөлгөн;

Билими жогорку:

2011-жылы Ош мамлекеттик университетин журналистика адистиги боюнча бүтүргөн;

2008-2014-жылдары “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматында эмгектенген;

2015-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-катчысы;

2015-жылдын ноябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү;

2015-2017-жылдары Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин Төрагасынын орун басары болуп иштеген;

2021-жылдын 4-октябрында «Альянс» саясий партиясынын тизмеси боюнча VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган;

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы;

2011-жылы “Евразиянын алтын калеми” сыйлыгынын ээси;

2014-жылы Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонддун “Курч калем” сыйлыгын алган;

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

 

Акаев Жанарбек Кубанычович
Акаев Жанарбек Кубанычович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0