Алиев Медербек Кубанычевич

1986-жылдын 29-октябрында туулган;

Жогорку билимдүү. 2005-2010-жылдары Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетинде окуган;

2007-2009-жылдары Кыргыз-Россия Славян университетинин алдындагы «Street law» юридикалык клиникасында, мектептеги жана медреседеги укук боюнча ыктыярчы-окутуучу болуп эмгектенген;

2010-2011-жылдары Бишкек шаардык жана Чүй облустук адвокаттар коллегиясында адвокаттын жардамчысы болуп иштеген;

2011-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы болгон;

2014-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинде Инвесторлорду колдоо башкармалыгынын башчысы;

2016-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү мамлекеттик агенттигинде Инвесторлорду колдоо жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы;

2019-2020-жылдары Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Шаарды өнүктүрүү агенттигинин директору;

2020-2020-жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Экономика жана инвестициялар департаментинин директору;

2018-2021-жылдары “Ата-Түрк Ала-Тоо” эл аралык университетинин юридикалык факультеттинде сырттан окутуучу болуп иштеген;

2021-жылы Мамлекеттик ипотекалык компанияда Директорлор кеңешинин мүчөсү;

2021-жылы “Ишеним” саясий партиясынын тизмеси боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган;

2017-жылы Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россиянын Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын эксперттик-аналитикалык борборунун маалыматы боюнча, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн 60 жаш лидерлеринин тизмесине кирген;

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Алиев Медербек Кубанычевич
Алиев Медербек Кубанычевич
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0