Ашимова Динара Ашимовна

1973-жылдын 3-февралында Ош облусунун Алай районунда туулган.

Эки жогорку жана бир академиялык билими бар.

1995-жылы КМУнун юридикалык факультетин,

2008-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Мамлекеттик башкаруу» факультетин,

2010-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын аспирантурасын бүтүргөн.

1997-2015-жылдары Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарынын прокуратураларында, ошондой эле Башкы прокуратура иштеп, Биринчи Май жана Ленин райондорунун прокурорунун жардамчысы болгон.

2015-жылдан 2021-жылына чейин «Глобал консалтинг» юридикалык компаниясынын жетекчиси болуп эмгектенген.

Ашимова Динара Ашимовна — 2011-жылдан тартып Кыргыз улуттук ат оюндары федерациясынын президенти.

Үч баланын энеси.

2021 жылы “Ыйман Нуру” саясий партиясынын тизмеси боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү.

 

 

Ашимова Динара Ашимовна
Ашимова Динара Ашимовна
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0