Атамбаев Сеидбек Алмазбекович

1976-жылдын 2-июлунда туулган.

Үй-бүлөлүү, 2 уулу бар.

1991-жылы Бишкек шаарындагы №67 мектепти аяктаган.

1991-жылдан 1995-жылга чейин Бишкек архитектура-курулуш техникумунда окуп, бүтүргөн.

1996-жылдан 1998-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде инженер-куруучу адистиги боюнча окуп, бүтүргөн.

2006-жылдан 2008-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясында «Бизнес менеджменти» адистиги боюнча окуган. Ошол эле жылы Invent программасы (Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча Германия программасы) боюнча окуп, стажировкадан өткөн. Стажировка Германияда өттү.

1999-жылдан 2000-жылга чейин учунчу разряддагы инженер-конструктор болгон.
2000-жылдан 2001-жылга чейин экинчи разряддагы слесарь жана монтаждоо жумуштарында слесарь болуп иштеген.
2002-жылдан 2003-жылга чейин «Асанда» ЖЧКда инженер-конструктор болуп иштеген.
2003-жылдан 2004-жылга чейин «ОсОО Автомаш-Экол» кыргыз-түрк биргелешкен ишканасынын жарнама жана сатуу бөлүмүнүн башчысы болгон.
2005-жылдан 2007-жылга чейин «Кыргызавтомаш» ишканасынын финансы-бухгалтердик бөлүмүндө финансылык аналитик болуп иштеген.
2007-жылдан 2021-жылга чейин жеке ишкер, «Автомаш-Энерго» ЖЧКсынын тең негиздөөчүсү жана жетекчиси болгон.
2004-жылдан 2010-жылга чейин КСДП саясий партиясынын мүчөсү болгон.
2019-жылдын июнь айынан 2021-жылдын февраль айына чейин Социал-демократтар саясий партиясынын лидери болгон.
2021-жылдын ноябрынан тарта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

Атамбаев Сеидбек Алмазбекович
Атамбаев Сеидбек Алмазбекович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0