Атазов Шайлообек Карыбекович

1979-жылы 28-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунун Учар айылында туулган.

Билими: жогорку. 1996-2001-жылдары Ош технологиялык университетинин «Юриспруденция» факультетинде окуган.

2014-2017-жылдары Ош мамлекеттик университетинин «Финансы жана кредит» факультетинде билим алган.

Иш тажрыйбасы:

2007-жылы Спорт комитетине караштуу Ош шаарындагы №2 балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору;

2010-жылы Бокс жана оор атлетика боюнча мектебинин директору;

2011-жылы Унаа токтотуучу жайлар, унаа гараждары дирекциясынын директору;

2012-жылы Ош шаарынын мэриясына караштуу «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы;

2013-2014-жылдары Жүргүнчү транспорту агенттигинин директору;

2010-2012-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты;

2012-2015-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты;

2018-жылдан бери Бишкек шаарынын «EREM» спорт клубунун башкы машыктыруучусу.

Спорттогу жетишкендиктери:

2010, 2016, 2019-жылдары КР «Жылдын мыкты машыктыруучусу»;

2015-жылы «Дүйнөлүк кубоктун» күмүш медалынын ээси, WAKO РФ, Анапа шаары;

2008-жылы Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги;

2006-жылы Кикбокс боюнча дүйнө чемпиону (WFK);

2005-жылы Ош облусунун «Жылдын мыкты спортчусу»;

2004-жылы “Азия чемпионатынын” күмүш медалынын ээси (WAKO);

2003-жылы Бокс боюнча КР Спартакиадасынын чемпиону;

2003-2008-жылдары «КРнын кикбоксинг боюнча VI жолку чемпиону»;

2000-2010-жылдары «Эл аралык турнирлердин чемпиону (Украина, Марокко, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Корея);

2005-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын көптөгөн эл аралык класс спорт чеберлерин тарбиялайт (бокс жана кикбоксинг боюнча).

Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктары:

2004-жылы Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы (С. Чырмашев);

2005-жылы Ош обладминистрациясынын Ардак грамотасы (А. Артыков);

2006-жылы Кара-Суу районунун «Жылдын адамы» (М. Жумабеков);

2006-2008-жылдары  Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы (Ж.Исаков);

2008-жылы Ош шаардык билим берүү жана илим башкармалыгынын Ардак грамотасы (А.Балтабаев);

2008-жылы КРП алдындагы FCiSport агенттигинин Ардак грамотасы (Б. Асанов);

2008-жылы Кыргыз Республикасынын Дене тарбиясынын отличниги (No 321 буйрук);

2009-жылы КРП Дене тарбия жана спорт агенттигинин Ардак грамотасы (№ 85 буйрук) (А. Воинов);

2009-жылы Жаштар саясатынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Ош обладминистрациясынын Ардак грамотасы (буйрук № 609) (М.Бакиров);

2010-жылы КРП алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттигинин Ардак грамотасы (No212-0 буйрук) (А. Касенов);

2011-жылы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Ардак грамотасы (Азирети Муфтий Чубак ажы Жалилов);

2012-жылы Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы № 304 буйругу (М. Мырзакматов);

2014-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (К. Садыков);

2014-жылы Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасы, №103 буйрук (У. Примов).

Үй-бүлөлүү.

 

Атазов Шайлообек Карыбекович
Атазов Шайлообек Карыбекович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 2

2022 жылдын айтуулары: 2
   2022 кулжа: 2