Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич

1991-жылдын 16-майында Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында туулган;

Жогорку билимдүү. 2014-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин “Юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган;

2011-2013-жылдары Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин алдындагы ЖОЖдор аралык аскер кафедрасын бүтүргөн;

Эмгек жолу:

2014-2017-жылдары — Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коомдук жардамчысы;

2017-2021-жылдары — Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасында тергөөчү;

2021-жылы №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;

Аскердик даражасы юстициянын ага лейтенанты;

Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.

 

Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич
Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0