Азыгалиев Нурланбек Асанбекович

1970-жылы Фрунзе шаарында  туулган,  билими – жогорку. 1989-жылы Фрунзе атындагы совхоз-техникумунун “зоотехник” адистиги боюнча бөлүмү, 1998-жылы  Туркиядагы Эгей университетин, “айыл чарба” факультетин, 2004-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

Азыгалиев Нурланбек Асанбекович алгачкы эмгек жолун 1989-жылы Панфилов районунда “Тельман” совхозунда жумушчу катары баштаган.

2000-2011-жылдары — «Дискавери» туристтик жана логистикалык компаниясынын негиздөөчүсү, башкы директору;

2011-2012-жылдары — «Атриум холдинг» компаниянын башкы директорунун орун басары;

2013-2021-жылдары — «Анилия» ЖЧКсынын башкы директору.

2019-жылдан баштап 2021-жылдын декабрь айына чейин Кыргыз-Түрк Соода-өнөр жай палаталарынын форумунун төрагасы, 2019-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Түрк Соода жана өнөр-жай Палатасынын Президиумунун мүчөсү, 2019-жылдан баштап 2021-жылдын декабрь айына чейин Кыргыз Республикасынын “Эр эңиш” федерациясынын Президенти.

2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышына №22 Жайыл бир мандаттуу  шайлоо округунан депутат болуп шайланды.

Үй бүлөлүү, үч баланын атасы.

Азыгалиев Нурланбек Асанбекович
Азыгалиев Нурланбек Асанбекович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0