Бакиров Омурбек Мирзараимович

1978-жылы Ош облусуна караштуу Араван районунун Төө-Моюн айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2001-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин “Финансы жана Кредит” факультетин аяктаган;

Эмгек жолун 2001-жылы жеке ишкер катары баштаган;

2008-2010-жылдары АК «Гаранттын» директору;

2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жардамчысы болуп эмгектенген;

2011-жылдын  24-июнунан тарта АК «Гаранттын» директору;

2011-жылдын 21-июлунан 23-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген;

2011-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V-чакырылышынын депутаты;

2018-жылы 29-ноябрда ААК «Кыргызтелекомдун» төрагасынын кеңешчиси болуп дайындалган;

2018-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI-чакырылышынын депутаты;

2021-жылдын ноябрында № 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган;

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Бакиров Омурбек Мирзараимович
Бакиров Омурбек Мирзараимович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0