Джумабеков Дастанбек Артисбекович

1976-жылы 2-ноябрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Саткей айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2001-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетин “Юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган;

Эмгек жолун 2002-жылы Кыргыз Республикасындагы түрк компаниясынын «Баямташ ЛТД» өкүлчүлүгүндө коммерциялык директору болуп баштаган;

2005-2007 жылдары «КАSI трейнинг» Бельгиялык  фирмада башкы менеджер;

2007-2009 жылдары  «ЯКАД» ЖЧКсында башкы директору;

2010-жылы октябрда «Ата-Журт» идеалисттик демократиялык саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты болуп шайланган;

2014-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  «Ата-Журт»  парламенттик фракциясынын лидеринин орун басары;

2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  «Ата-Журт» фракциясынын лидери;

2015-2021-жылы «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты;

2021-жылдын ноябрында № 20 Манас бир мандаттуу шайлоо округу боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты болуп шайланган;

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Джумабеков Дастанбек Артисбекович
Джумабеков Дастанбек Артисбекович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0