Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылында 1982-жылдын 22-августунда туулган;
Эки жогорку билими бар. 1999-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин “Эл аралык мамилелер” адистигине тапшырып, 2003-жылы “Саясат таануунун бакалавры” квалификациясына ээ болгон;
2004-жылы ушул эле адистик боюнча магистратураны аяктап, “Эл аралык мамилелер жаатындагы адис” квалификациясын алган;
2010-жылы Кыргыз-Россия Славян Университетинин юридика факультетин аяктап, юрист квалификациясына ээ болгон;
Эмгек жолун 2011-жылы Бишкек шарындагы “Аверс” юридикалык компаниясы” ЖЧКсында юрист-консультант болуп иштеп баштаган;
2014-жылдан 2021-жылга чейин “Кут-Билим” Окуу-билим берүү борбору” ЖЧКсында директор кызматында эмгектенген;
2012-жылы Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңешине депутат жана Тѳрагасынын орун басары болуп шайланып, бул кызматтарды 2015-жылга чейин аркалаган;
2010-жылдан баштап 2012-жылга чейин “Кыргыз Республикасынын Дунгандар Ассоциациясы” АКсынын Башкармалыгынын мүчѳсү жана Президентинин ыйгарым укуктуу ѳкүлү болгон;
2012-жылдан 2016-жылга чейин “Кыргыз Республикасынын Дунгандар Ассоциациясы” АКсынын жаштар саясаты боюнча Вице-президенти кызматын алып барган;
2016-жылдан тарта “Кыргызстан Дунгандар ассоциациясы” АКсынын Тѳрагасы;
2021-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышына Чүй облусунун №23 Мосвка шайлоо округу боюнча депутат болуп шайланган;
Үй-бүлѳлүү, 3 баланын атасы.