Исираилов Азамат Алмазбекович

1988-жылдын 20-майында Ош шаарында тѳрѳлгѳн.

Жогорку билимдүү.

2011-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин “Юриспруденция” факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 2013-жылы Кара-Суу районундагы «Карасуу-Дан-Азык» ачык акционердик коомунда юрист болуп иштѳѳдѳн баштаган.

2017-2019-жылдары Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын Уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жерди пайдалануу бөлүмүндѳ башкы адис кызматында иштеген.

2020-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш Башкармалыгынын Укуктук, кадр жана иш кагаздарын жүргүзүү бѳлүмүнүн кадрлар секторунда башкы адис кызматында эмгектенген.

2021-жылы “Альянс” саясий партиясынан VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлѳлү, үч баланын атасы.

Исираилов Азамат Алмазбекович
Исираилов Азамат Алмазбекович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0