Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович

1977 – жылы 31 – мартта Ош облусунун Кара – Кулжа районунда туулган.

1994 – жылы Кара – Кулжанын   1 – май айылындагы Алмаз Субанов атындагы орто мектепти алтын медаль менен аяктаган.

1999 – жылы Ош МУнун юридикалык факультетин артыкчылык диплому менен бүтүрүп, юрист кесибине ээ болгон.

2009 – жылы Япониянын КОБЭ университетиндеги магистратураны аяктап, саясат таанычуу же саясат илимдердин магистри илимий даражасына ээ болгон.

1999 – 2005 – жылдары ОшМУнун окутуучусу (юридикалык жана кыргыз филологиясы факультетинде), юрист жана ректордун кенешчиси болуп иштеген.

2005 – 2007 – жылдары тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы;

2009 – 2010 – жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин катчылыгында эксперт;

2012 – 2013 жж. КР ТИМде башкармалыктын башчысы;

2013 – 2015 жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын б­­өлүм башчысынын орун басары,;

2015 – 2019жж. «Ыйман» фондунун тө­­рагасы;

2019 – 2021 жж. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, кийинчиреек министри болуп иштеген.

2021 – жылдын ноябрь айынан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты.

Сётокан карате боюнча Улуттук федерациянын президенти.

Υй – бүлөлүү, үч кыздын атасы.

 

 

 

Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович
Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0