Кенжебаев Аманкан Батырбекович

1967-жылдын  24-августунда Чүй облусунун Сокулук районунун Дөн Алыш айылында туулган.

1987-жылы Фрунзе совхозунун техникумунун “зоотехник» кесибине окуп, ийгиликтүү аяктап, 2005-жылы  Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин аяктап “экономист” кесибин алган.

1987-1990-жылдары Советтик Аскер-Дениз флотунда кызмат өтөп, “главно-корабельный старшина” званиеге ээ болгон.

Үй-бүлөлүү , 4 баланын атасы.

Эмгек жолу:

  • 1990-жылы  Ленин атындагы колхозунда ферманын учетчиги.
  • 1991-1993-жж  Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинде зоотехник.
  • 1993-1996-жж  “Шорго” айыл чарба кооперативинин төрагасынын орун басары, андан кийин Кыргызпотребсоюзунун кампа башчысы.
  • 1997-1998жж “ Бек-Констракшн” фирмасында жабдуучу.
  • 1999-жылдан Бишкек Эркин Экономикалык Зонасында (СЭЗ) көзөмөлдөөчү , ага көзөмөлдөөчү, тартип башкармалыгында күзөт жетекчиси, көмөкчү чарбанын,(курулуш боюнча) башкаруучусу, кийинчирээк курулуш жана механизация бөлүмүнүн башчысы болгон (1999-2001).
  • 2001-2011-жж Бишкек Эркин Экономикалык Зонасында жоопкерчилиги чектелген өндүрүштүк коомдордо (“Арпа”,”СЭЗ Курулуш”, “Баден-Сервис”) башкы директор.   Ал жетектеген “Баден-Сервис” курулуш долбоор фирмасы Ысык-Көлдөгү “Ак-Марал” эс алуу борборун, Американын “Ганси” авиабазасынын казармасын жана ашканасын, “Банк-Азия” жабык акционердик коомунун имаратын ж.б курган.          2000-ж  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курулушунун 1-деңгээлдеги лицензиясын алууга татыктуу болгон. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ала-Арча айылдык кеңешинин, андан кийин Сокулук районунун Военно-Антоновка Айылдык Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2011-2012-жж “СЭЗ Бишкек” Жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун орун басары.
  • 24.12.2012 – 02.2017-жж Сокулук  райондук  мамлекеттик администрациясынын башчысы.
  • 13.11.2020-22.05.2021-жж Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.
  • 2021-жылдын май айынан октябрь айына чейин Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп  иштеген.
  • 2021- жылдын ноябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп жайланып келген.
Кенжебаев Аманкан Батырбекович
Кенжебаев Аманкан Батырбекович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0