1986-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында туулган.
Жогорку билимдүү.
2004-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырган. 2009-жылы «Каржы жана насыя» адистиги боюнча «Экономист» квалификациясы ыйгарылган.
2009-2011 жылы – укук когоочу, журналист. Алматы шаарында (Казахстан) айдоочулардын укуктарын коргогон.
2018 жылдан бери «Не сахар» долборунун автору жана алып баруучусу.
2021-жылы «Ынтымак» партиясынын тизмеси менен VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.