Коргонбай уулу Жусупбек

1977-жылы 28-ноябрда Ош областынын Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылында мал доктурдун уй булөсундө туулган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Билими:

1984-1994 жылдары А.Осмонов атындагы орто мектебин аяктаган.

2000-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүрүп, юриспруденция кесибине ээ болгон.

2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын бухгалтердик эсеп, анализ (талдоо) жана аудит кесиби боюнча факультетинин аяктаган.

Эмгек жолу:

2000-жылдын 30-июнунан 2001-жылдын 20-апрелине чейин “Спецмаг” акционердик коомунун башкармалыгында төраганын орун басары;

2001-жылдын 22-апрелинен 2002-жылдын 25-августуна чейин Кыргыз Фондулук биржасынын юристи;

2002-жылдын 30-августунан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу “Кыргызресурстары” Мамлекеттик ишканасында маркетинг бөлүмүнүн башчысы, 2002-жылдын 6-ноябрынан тарта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу “Кыргызресурстары” Мамлекеттик ишканасынын Ош-Баткен башкармалыгынын башчысы;

2006-2010-жылдар аралыгында жеке ишкерлик менен алектенген;

2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине депутаттыка талапкерлигин койгон.

2010-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын бокс боюнча улуттук Федерациясынын вице-президенти.

2011-жылдын 1-августунан 2012-жылдын 25-октябрына чейин “Нарынгидроэнергокурулуш” Ачык акционердик коомунда финансылык директор;

2012-2019-жылдары Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык кеңешинин ХХVI, XXVII чакырылыштарынын депутаты болуп шайланган.

2014-жылдын 10-декабрынан тарта «Мармара Стоун» Жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси;

2017-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин “Кейджи Восток Сервис” курулуш компаниясынын башкы директору.

2019-жылдын 17-апрелинде Бангкок шаарында өткөн шайлоодо ASBC (Азиялык Бокс Конфедерациясы) Аткаруу Комитетинин мүчөлүгүнө шайланган.

2013-жылы 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык Кенешинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.

2015-жылдын 5-майында шаардын экономикасына жана социалдык маселелерине кошкон салымы үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын “Күмүш төш белгисине” татыктуу болгон.

2018-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук комиссиясынын “Өлкөнүн онүгүшүнө маанилүү салым кошкондугу үчүн” деген төш белгисине татыктуу болгон.

Коргонбай уулу Жусупбек
Коргонбай уулу Жусупбек
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0