Кожокулова Гуля Акматкуловна

1965-жылдын 13-апрелинде Фрунзе шаарында туулган.

1987-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин юридика факультетин “Укук таануу” адистиги боюнча артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

ЭМГЕК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ:

1987-жылдын августунан октябрына чейин СССР Юстиция министрлигинин Фрунзе шаарындагы 1-мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусунда иштеген;

1987-жылдын октябрынан Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарындагы Ленин райондук прокуратурасында стажер, прокурордун жардамчысы, улук жардамчысы болуп иштеген.

1992-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында, Бишкек шаардык прокуратурасында шаардык прокурордун улук жардамчысы, бөлүмүнүн начальниги;

1998-2003-жылдары Бишкек шаарынын прокуратурасында, экономикалык кылмыштарды жана коррупцияны иликтөө үчүн көзөмөл боюнча бөлүмдүн начальниги;

2003-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында жалпы бөлүмүнүн начальниги;

2007-2008-жылдары Бишкек шаардык прокурорунун биринчи орун басары;

2008-2011-жылдары Бишкек шаарындагы Ленин районунун прокурору;

2003-2011-жылдары КРнын ар кандай мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун мүчөсү болгон, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш –жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине жана башкаларга өзгөртүүлөрдү жана толкутоолорду киргизүү боюнча иш алып барган.

2012-жылдан “2013-2017-жылдарда Кыргыз Республикасында сот тутумун өнүктүрүү” мампрограммасы боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөсү.

2021-жылдан “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты.

Класстык чин: Юстициянын 1 класстагы Кеңешчиси.

Эки баланын энеси.

Кожокулова Гуля Акматкуловна
Кожокулова Гуля Акматкуловна
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0