Козуев Алишер Абибиллаевич

1984-жылдын 10-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл округуна караштуу Мамажан айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

1990-2001-жылдары Мамажан айылындагы Т.Бердибеков атындагы №41 орто мектебинде билим алган;

Жогорку билимдүү.

2001-2006-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинин Дүйнөлүк тилдер факультетинин “Чет тили жана адабияты” адистигине ээ болгон;

2011-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин “Экономика жана ишканаларды башкаруу” багыты боюнча экономиканын бакалавры даражасын алган;

2020-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясынын магистратурасында Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу профили боюнча билим алып келет;

Эмгек ишмердүүлүгү:

Алгач айыл чарба багытында баштап, 2002-2011-жылдары башкы инженер, андан соң агротехник катары “Самидин” дыйкан чарбасында эмгектенген;

Экономика тармагында бакалавр даражасын алгандан соң, 2011-2017-жылдары “Самидин” дыйкан чарбасында экономист болуп эмгектенген.

2011-2017-жылдары кошумча күйүүчү-майлоочу материалдарды чекене жана дүң сатуу жаатында ишкердик ишин алып барган.

2017-2018-жылдары “РОССИЯ Нефть” ЖЧКсында аткаруучу директор, 2018-2020-жылдары директор, андан соң 2020-2021-жылдары башкы директор болуп эмгектенген.

2021-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын  депутаты болуп шайланган;

2019-жылдан тарта КРнын Ош облусу боюнча Грэпплинг Федерациясынын президенти.

Үй -бүлөлүү, беш баланын атасы.

Козуев Алишер Абибиллаевич
Козуев Алишер Абибиллаевич
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0