Култаева Гулшаркан Оконовна

1972-жылдын 24-октябрында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Суу айылында туулган.

Билими:

1993-жылы Ош Технологиялык техникумун «Токуу өндүрүшү боюнча техник» адистиги боюнча бүтүргөн.

2001-жылы Ош Технологиялык техникумун «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1989-жылы Ош шаарындагы №59 балдар бакчасынын тарбиячысынын ассистенти болуп баштаган.

1990–2016-жылдары – жеке ишкер.

2016–2021-жылдары – Ош шаарынын шаардык кеңешинин депутаты.

2021-жылдын ноябрында «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды.

Сыйлыктары:

Туризмди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Ош облмамадминистрациясынын Грамотасы менен сыйланган, 2001-ж.;

«Бизнес Шанс» конкурсунда «2001-жылдагы мыкты ишкер» наамы ыйгарылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2001-ж.;

Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин Грамотасы, 2003-ж.;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Грамотасы, 2011-ж.

Үй-бүлөлүү, кызы жана 3 уулу бар.

Култаева Гулшаркан Оконовна
Култаева Гулшаркан Оконовна
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0