Кыдыкбаев Жаныбек Султанович

1985-жылы 27-январда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Маман айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2002-жылы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин физика-техникалык факультетине тапшырган.

Эмгек жолун 2010-жылы “Г.Өмүралиева” фирмасында директордун орун басары-менеджер болуп баштаган.

2015-2018-жылдары «Граф Инвест» ЖЧКсында техникалык директор болуп иштеген.

2018-2020-жылдары – «Граф Инвест» ЖЧКсында директор.

2019-2020-жылдары – «Айыл Маман» коомдук фондунун директору.

2021-жылы «Пансионат Витязь» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалган.

2021-жылы “Ата-Журт-Кыргызстан” саясий партиясынан VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Кыдыкбаев Жаныбек Султанович
Кыдыкбаев Жаныбек Султанович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0