Абдалиев Мейкинбек Акимович

1976-жылдын 11-февралы күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2003-жылы Жалал-Абад коммерциялык институтунун «Экономика жана бизнес» факультетин «Уюмдун менеджери» кесиби боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1999-жылы Ноокен райондук салык инспекциясында тышкы салыктык кѳзѳмѳл бѳлүмүндѳ инспектор кызматынан баштаган.

2000-2005-жылдары Ноокен районундагы «Айкыз» кредиттик союзунда башкы бухгалтер;

2005-2006-жылдары «Токтомурад» дыйкан чарбасында тѳрага;

2006-жылдан тартып, 2013-жылга чейин Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенттигинин (АРИС) Майлуу-Суу, Таш-Кѳмүр шаарлары жана Ноокен району боюнча эксперти;

2013-жылдан 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенттигинин (АРИС) Түштүк аймактык ѳкүлчүлүгүнүн координатору болуп иштеген.

Ошондой эле, 2004-2005-жылдары Ноокен райондук жана Масы айылдык кеңештеринде депутат, айыл чарба, ѳнѳр жай жана транспорт, телекоммуникация боюнча туруктуу комиссиясында мүчѳ;

2008-2012-жылдары Масы айылдык кеңешинде депутат, «Бюджет жана экономика» комиссиясынын тѳрагасы;

2012-2016-жылдары Масы айылдык кеңешинин депутаты, айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басары.

2021-жылдын 31-мартында «ϴнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланды.

2022-жылдын 16-мартында «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланды.

Үй бүлѳлүү, 5 баланын атасы.

Абдалиев Мейкинбек Акимович
Абдалиев Мейкинбек Акимович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0