Абдибаева Айсара Нышановна

1965-жылы 13-августта Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1992-жылы Кыргыз мамлекеттик университеттин экономика факультетин бүтүргөн.
1982-жылы Жаңы-Жол РК ЛКСМ сектор башчысы;
1984-жылдан 1989-жылга чейин Караван РАЙПОсунун кампасында кызматкер;
1989-1994-жылдары Жаңы-Жол автотранспорттук ишканасында кассир, башкы экономист;
1995-жылы Кыргыз мамлекеттик мүлк фондунун борбордук бухгалтериясында башкы адис;
1995-1997-жылдары «Кыргызстан» банкынын Таш-Көмүр шаарындагы филиалында башкы адис;
1999-2000-жылдары «РСК Банктын» Каныш-Кыя филиалынын башкы экономисти, кийинчерээк филиалдын директорунун милдетин аткаруучу;
2006-жылы «Кыргызпромстройбанк» ААКнын Ала-Бука аманат кассасынын жетекчиси;
2008- 2010-жылдары «Аман Банк» ААКнын аманат кассасынын жетекчиси;
2021-жылдын ноябрында “Ишеним” саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышына депутат болуп шайланган;
Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.

Абдибаева Айсара Нышановна
Абдибаева Айсара Нышановна
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0