Лурова Лейла Хияновна

1968-жылдын 28-октябрында туулган.

Жогорку билимдүү. 1986-1991-ж.ж. СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз улуттук университетин, «Экономика» факультетин «Дүң соода жана материалдык-техникалык камсыздандыруу» экономист адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек ишмердүүлүгүн 1986-1988-жылдары Кыргыз Потребсоюзунун пландоо-экономика бөлүмүнүн кенже адиси болуп баштаган.

1988-1989-жылдары ВНИПИстатинформ, Кыргыз ССРнин Соода министрлигинин дүң соода базаларын тейлөө бөлүмүндө техник-проектировщик болуп, 1989-1998-жылдары нан азыктары жана алдын ала даярдоо Кыргыз мамлекеттик ишканасынын пландоо-экономика бөлүмүнүн башкы адиси;

1992-1993-жылдары  «Адылов и компания» Соода үйүндө, 1998-2012-жылдары «ЛБС Милк Продакшн» ЖЧКсынын мүдүрү болуп эмгектенген.

Ошондой эле 2012-2016-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты ишмердүүлүгүн аркалаган.

Ал эми 2021-жылы «Ынтымак» саясий партисынын тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Лурова Лейла Хияновна
Лурова Лейла Хияновна
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0