1981-жылы Таш- Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай шаарчасында туулган.
1998-жылы Шамалды-Сай шаарчасындагы № 2 К.Осмонкулов мектебин аяктаган. Билими жогорку. 2003-жылы Жалал-Абад Коммерсиялык институтунун экономист адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолун 2003-жылы “Азиз КД” көп тармактуу өндүрүштүк айыл чарба кооперативинде иштөө менен баштаган. 2007-жылы “Инэксимбанк” Жалал-Абад филиалынын кредиттик бөлүмүнүн эксперти, 2008-жылы “БТА банк” Шамалды- Сай № 42 сактык кассасынын жетекчиси, 2013- жылы айылдык кеңештин депутаты, 2016-жылы экинчи жолу айылдык кеңештин депутаты, 2013-жылдын 24- декабрынан Достук айыл өкмөтүнүн жетекчиси кызматында иштеп келген. 2016-жылы жерегиликтүү кеңештин депутаттарынын бир добуштан колдоосу менен экинчи мөөнөткө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган.Элге көрсөткөн үзүрлүү эмгегим үчүн төмөндөгү сыйлыктарга ээ болгон.
2015- жылы «Эркин Тоо» гезити тарабынан “Жылдын мыкты айыл өкмөтү”, 2015- жылы Кыргыз Туусу гезити тарабынан “Жылдын айыл өкмөтү”, 2016-жылы “Айыл чарабасынын отличниги” төш белгиси, 2016-жылы Кыргыз Туусу гезити тарабынан “2017-Жылдын мыкты айыл өкмөтү”, 2016-жылы Ноокен жаңырыгы гезити тарабынан “2016-жылдын мыкты айыл өкмөтү”, 2016-жылдын жыйынтыгы менен Ноокен районунун “Жылдын мыкты айыл өкмөтү” Өтмө Кызыл туусу, 2017-жылдын жыйынтыгы менен Ноокен районунун “Жылдын мыкты айыл өкмөтү” Өтмө Кызыл туусу, 2017-жылы КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин “Ыраазычылык каты”, 2017- жылы Аймак гезити тарабынан “Жылдын мыктысы-2017, 2017- жылы Эркин Тоо гезити тарабынан “Жылдын мыктысы-2017”, 2017-жылы КР айыл чарба жана мелиорация министирлиги тарабынан “Айыл чарба тармагына 90 жыл”төш белгиси, 2017-жылы Кыргыз туусу гезити тарабынан “2017-Жылдын мыкты айыл өкмөтү” жана “Кыргыз Туусунун каарманы” төш белгиси, 2017- жылы “Ноокен жаңырыгы” гезити тарабынан “2017-жылдын мыкты айыл өкмөтү” сынагынын жеңүүчүсү, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын “Ардактуу инсандары” коомдук бирикмеси тарабынан “Эл сүйгөн жетекчи наамы жана төш белгиси, 2018-жылы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин – «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы” төш белгиси, 2019-жыл Достук айыл өкмөтү жалпы мамлекеттик “Эң мыкты айыл өкмөтү” сынактын жеңүүчү, 1500000 байге, 2019-жыл — Кыргыз туусу гезити “Жылдын мыкты айыл өкмөтү”, 2019-жыл Ачык сөз гезити “Жылдын чыгаан айыл өкмөт башчысы”, 2019-жыл -Эркин тоо гезити “Жылдын мыкты айыл өкмөтү”, 2019-жыл — Кыргыз Республикасынын Даанышмандар жана жигердүүлөрдү колдоо коомдук бирикмелеринин ассоциацисы“ юридикалык жактардын бирикмесинин “Эл сүйгөн жетекчи” төш белгиси, 2020-жылы Жетиген журналы тарабынан “2020- Жылдын мыкты айыл өкмөтү” деп табылган.
2021-жылдын ноябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты.
Үй бүлөлүү. 3 уул, 1 кызы бар.