Мамасадыков Замирбек Дүйшалыевич

1981-жылы Таш- Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай шаарчасында  туулган.

1998-жылы  Шамалды-Сай шаарчасындагы № 2  К.Осмонкулов мектебин аяктаган. Билими жогорку. 2003-жылы Жалал-Абад Коммерсиялык институтунун экономист адистигин  бүтүргөн.

Эмгек жолун 2003-жылы “Азиз КД” көп тармактуу өндүрүштүк айыл чарба кооперативинде иштөө менен  баштаган.  2007-жылы    “Инэксимбанк” Жалал-Абад  филиалынын  кредиттик бөлүмүнүн  эксперти, 2008-жылы “БТА банк”  Шамалды- Сай № 42 сактык кассасынын  жетекчиси, 2013- жылы айылдык  кеңештин депутаты, 2016-жылы экинчи  жолу айылдык кеңештин депутаты, 2013-жылдын 24- декабрынан Достук айыл өкмөтүнүн жетекчиси кызматында иштеп келген. 2016-жылы  жерегиликтүү кеңештин   депутаттарынын бир добуштан колдоосу менен экинчи  мөөнөткө  айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган.Элге көрсөткөн үзүрлүү эмгегим  үчүн төмөндөгү  сыйлыктарга  ээ болгон.

2015- жылы  «Эркин Тоо»  гезити  тарабынан   “Жылдын  мыкты айыл өкмөтү”, 2015- жылы  Кыргыз Туусу гезити тарабынан “Жылдын айыл өкмөтү”, 2016-жылы  “Айыл чарабасынын отличниги” төш  белгиси, 2016-жылы Кыргыз Туусу гезити тарабынан “2017-Жылдын мыкты айыл өкмөтү”, 2016-жылы Ноокен жаңырыгы гезити  тарабынан  “2016-жылдын  мыкты айыл өкмөтү”, 2016-жылдын  жыйынтыгы менен Ноокен  районунун “Жылдын мыкты айыл өкмөтү” Өтмө Кызыл туусу, 2017-жылдын жыйынтыгы менен Ноокен районунун “Жылдын мыкты айыл  өкмөтү” Өтмө Кызыл туусу, 2017-жылы КР Өкмөтүнө караштуу  жергиликтүү  өз алдынча башкаруу иштери жана  этностор  аралык мамилелер   боюнча   мамлекеттик агенттигинин  “Ыраазычылык   каты”, 2017- жылы  Аймак  гезити  тарабынан  “Жылдын  мыктысы-2017, 2017- жылы  Эркин  Тоо  гезити  тарабынан  “Жылдын  мыктысы-2017”,  2017-жылы КР айыл  чарба жана  мелиорация  министирлиги тарабынан “Айыл чарба   тармагына   90  жыл”төш белгиси,  2017-жылы Кыргыз туусу гезити тарабынан “2017-Жылдын  мыкты айыл  өкмөтү” жана  “Кыргыз Туусунун каарманы” төш белгиси, 2017- жылы  “Ноокен жаңырыгы” гезити тарабынан    “2017-жылдын мыкты айыл  өкмөтү”   сынагынын жеңүүчүсү,  2018-жылы Кыргыз Республикасынын “Ардактуу  инсандары” коомдук  бирикмеси тарабынан “Эл сүйгөн жетекчи наамы жана төш белгиси,   2018-жылы   Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  иштери жана этностор  аралык мамилелер  боюнча мамлекеттик агентигинин – «Кыргыз  Республикасынын    жергиликтүү өз  алдынча башкаруунун  мыктысы” төш белгиси, 2019-жыл  Достук айыл өкмөтү  жалпы мамлекеттик “Эң мыкты айыл өкмөтү”  сынактын   жеңүүчү, 1500000 байге,  2019-жыл — Кыргыз туусу гезити  “Жылдын  мыкты айыл өкмөтү”, 2019-жыл   Ачык сөз  гезити “Жылдын чыгаан айыл  өкмөт башчысы”,  2019-жыл -Эркин тоо  гезити  “Жылдын мыкты айыл  өкмөтү”,  2019-жыл  — Кыргыз  Республикасынын  Даанышмандар жана  жигердүүлөрдү колдоо   коомдук бирикмелеринин  ассоциацисы“  юридикалык жактардын бирикмесинин “Эл  сүйгөн  жетекчи” төш  белгиси, 2020-жылы Жетиген журналы тарабынан “2020-  Жылдын мыкты айыл өкмөтү” деп табылган.

2021-жылдын ноябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты.

Үй бүлөлүү. 3 уул, 1 кызы бар.

Мамасадыков Замирбек Дүйшалыевич
Мамасадыков Замирбек Дүйшалыевич
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0