Маматалиев Марлен Абдырахманович

1981-жылы 24-мартта Бишкек шаарында туулган.

Жогорку билимдүү:

2002-жылы «Автоматташтыруу жана башкаруу» адистиги боюнча И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган – бакалавр даражасы;

2003-жылы «Автоматташтыруу жана техникалык системаларды башкаруу» адистиги боюнча И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган – жогорку билим (магистратура);

2011-жылы «Финанс жана кредит» адистиги боюнча Кыргыз экономикалык университетин бүтүргөн;

Иш тажрыйбасы:

2003-2004 жж. – КР Социалдык фонду, программалык камсыз кылуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

2004-жылдын март айынан ноябрь айына чейин — КР Социалдык фонду, программалык камсыз кылуу бөлүмүнүн башкы адиси;

2004-2006 жж. — КР Социалдык фонду, программалык камсыз кылуу бөлүмүнүн жетекчиси, башкармалыгынын жетекчиси;

2006-жылдын апрель айынан декабрь айына чейин — КР Социалдык фонду, Маалыматтык системалар башкармалыгынын жетекчиси;

2006-2008 жж. — КР Экономика жана финансы министрлиги, маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

2008-жылдын май айынан декабрь айына чейин – КР Финансы министрлиги, министрдин жардамчысы;

2007-2008 жж. – КР Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги, министрдин жардамчысы;

2008-2009 жж. – КР Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги, министрдин кеңешчиси;

2009-жылдын март айынан ноябрь айына чейин — КР Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги, Уюштуруу-кадр иштери жана финансылык камсыз кылуу башкы башкармалыгынын жетекчиси;

2009-2010 жж. – КР Өкмөттүн Аппараты, Биринчи вице-премьер-министринин кеңешчиси;

2010-жылдын август айынан ноябрь айына чейин — «Ар-Намыс» Саясий партиясы, Аппарат жетекчиси;

2010-2011 жж. – КР Жогорку Кеңеши, «Ар-Намыс» депутаттык фракциясынын бөлүм башчысы;

2011-2012 жж. – КР Экономикалык жөнгө салуу министрлиги, статс-катчысынын милдетин аткаруучу;

2012-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин – КР Өкмөттүн Аппараты, реалдуу сектор бөлүмүнүн башчысы;

2013-2016 жж. – «СУ-12» ЖАК, Башкармалыгынын Төрагасы;

2016-2018 жж. – «Аллор Строй Сервис» ЖАК, Башкы мүдүрү;

2018—2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын депутаты;

2021-жылдын ноябрында «Ынтымак» саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Сыйлыктары:

— «Социалдык кызматкеринин отличниги»;

— «Финансылык-экономикалык кызматкеринин  отличниги»;

— «Соода-экономикалык кызматкеринин отличниги»;

— Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен сыйланган;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы;

Самбо боюнча спорт чеберлигине талапкер;

Төрт баланын атасы.

Маматалиев Марлен Абдырахманович
Маматалиев Марлен Абдырахманович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0