Масабиров Талайбек Айтмаматович

1966-жылдын 26-июлунда Ош облусунун Ленин жолу айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1989-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин «филолог» адистиги боюнча, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын менеджмент багыты боюнча магистр академиялык даражасын, ал эми 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын «юрист» адистиги боюнча, 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1989-жылы республикалык «Динамо» коомунда самбо күрөшү боюнча улук машыктыруучу болуп иштөө менен баштаган;

1991-1992-жылдары ички иштер органында кызмат өтөгөн. 1992-1994-жылдары Каракол шаардык жол курулуш башкармалыгынын материалдык-техникалык тейлөө кызматынын улук инженери;

1994-1998-жылдары «БН ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун коммерциялык иштери боюнча орун басары;

1998-1999-жылдары түндүк темир жол бажысынын инспектору;

1999-2001-жылдары түндүк темир жол бажысынын улук инспектору;

2001-2005-жылдары түндүк темир жол бажысынын башкы инспектору;

2005-2006-жылыдары Токмок бажысынын жетекчи;

2006-2007-жылыдары Түндүк темир жол бажысынын жетекчиси;

2007-2008-жылдары Бишкек бажысынын жетекчиси;

2008-2009-жылдары Түндүк темир жол бажысынын жетекчиси;

2009-жылдын 30-декабрына чейин Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган;

2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын премьер-министринин буйругуна ылайык, Өкмөт алдында кайра түзүлгөн Мамлекеттик бажы кызматынын биринчи орун басары болуп эмгектенген;

2013-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген;

2015-жылы «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты шайланган;

2021-жылдын ноябрында «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Спорттун дзюдо түрү боюнча чеберлер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону.

Дзюдо жана самбо күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.

Масабиров Талайбек Айтмаматович
Масабиров Талайбек Айтмаматович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0