Масалиев Исхак Абсаматович

1960 — жылдын 21 майында Ош облусунун Ош шаарында туулган.

Жогорку билимдүү.  1982 — жылы СССР дин 50-жылдык атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин «тарыхчы» адистиги боюнча, 1989-жылы — 50 жылдык атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аспирантурада окуган, 1994 -жылы СССР дин 50 жылдык атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин «юрист» адистиги боюнча  бүтүргѳн.

Эмгек жолун 1982- жылы СССР дин 50-жылдык атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин КПСС тарыхы кафедрасында мугалим болуп иштѳѳ менен баштаган.

1985- 1986 жылдары СССР дин 50 жылдык атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Совет доорунун тарыхы ка-федрасында мугалим болуп иштеген.

1989 – 1993 жылдары ички иштер органдарында кызмат ѳтѳгѳн.

1993 – 1994 жылдары Ош облусунун мамлекеттик салык кызматында инспектор.

1994 – жылы Ош облусунун салык башкармалыгынын полициясында тергѳѳчү.

1994 – 1998 жылдары Ош бажысында башкы инспектор, начальниктин орун басары, начальник болуп иштеген.

1998 – 1999 жылдары  ТУ «Югфармация» юрист.

1999 – 2000 жылдары  ОсОО « Талас – Ош Компания » директор.

2000 – 2005 жылдары II чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенещинин депутаты.

2005 – жылы Киреше боюнча комитеттин тѳрагасы жана Кыргыз Республикасынын каржы министринин орун басары.

2005 – 2007 жылдары  III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенещинин депутаты.

2007 – 2010 жылдары Кыргызстан  Коммунистер партиясынын тизмеси боюнча  IV чакырылыштагы  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенещинин депутатыгына шайланган.

2011 – 2012 жылдары  Кыргызстан Коммунистер партиясынын тѳрагасы.

2012 – 2014 жылдары  Мамлекеттик салык кызматынын тѳрагасы.

2015 -2020 жылдары « Ѳнүгүү — Прогресс» саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенещинин депутаты болуп шайланган.

2021 жылдын ноябрдан тартып “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

2004-жылдын азыркы мезгилге чейин Кыргызстан Коммунистер партиясынын тѳрагасы.

Кыргыз Республикасынын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2001-ж).

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи.

Аламүдүн райондук кеңешинин депутаты (1989 ж.), Ош шаардык кеңешинин депутаты (1999 ж.) болуп шайланган.

Масалиев Исхак Абсаматович
Масалиев Исхак Абсаматович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 1

2022 жылдын айтуулары: 1
   2022 кулжа: 1