Маткеримов Айбек Тураталиевич

1980-жылдын 8 ноябрында Жалал-Абад шаарында туулган.

Билими жогорку.  Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясын 2005-жылы аяктаган.

Эмгек жолу:

2007-жылы Ош шаардык перинаталдык борборунда — клиникалык ординатор.

2007-2011-жылдары аталган борбордо акушер-гинеколог дарыгери.

2007-2012-жылдары Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин окутуучусу.

2011-2013-жылдары Ош шаардык төрөт үйүнүн төрөт блогунун бөлүм башчысы.

2013-2014-жылдары Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгеринин орун басары.

2014-2015-жылдары Жалал-Абад областык төрөт үйүндө акушер-гинеколог дарыгери.

2015-жылдан бери Сузак аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы.

2019-жылдын январь айынан баштап Жалал-Абад областынын төрөт кызматынын координатору.

2016-жылдан Барпы айылдык кеңешинин депутаты.

2021-жылдын ноябрында «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.

 

Маткеримов Айбек Тураталиевич
Маткеримов Айбек Тураталиевич
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0